Биз Universal Subtitles долбоорун баштадык, анткени биз ишенебиз ар бир Интернеттеги видео субтитр менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Миллиондогон кулагы укпаган же начар уккан көрүүчүлөргө видеону кабыл алууга субтитрлер талап кылынат. Видео жана вебсайт иштетүүчүлөр бул маселеге да иш жүзүндө кам көрүүгө тийиш. Субтитрлер аларга кеңири аудиторияга жетүү мүмкүнчүлүгүн берип жана алар издөө системаларында мыкты рейтинге ээ болушат. Universal Subtitles дээрлик кайсы болбосун видеого субтитр кошууга укмуштуу оңойлукту камсыздайт. Интернетте болгон видеону алып, анын дарегин биздин вебсайтка киргизиңиз андан кийин субтитрин жазуу үчүн диалог менен тең текстин басып чыгыңыз. Мындан кийин клавиатураныз аркылуу видео менен субтитрлерди мезгилдештириңиз. Сиз аяктаган соң – биз бул видеонун тиркеме кодун беребиз. аны каалаган вебсайтка жайгаштыра аласыз. Эми көрүүчүлөр субтитрлерди колдоно алышат жана ошондой эле которууга көмөктөшө алышат. Биз YouTube, Blip.TV, Ustream жана көптөгөн башка сайттардагы видеолорду колдойбуз. Ошондой эле биз дайыма жаңы кызматтарды кошуп турабыз. Universal Subtitles көптөгөн таанымал видео форматтар менен иштейт, MP4, theora, webM жана HTML 5 сыяктуу. Биздин максат интернеттеги ар бир видео субтитр менен көрүү мүмкүнчүлүгү болуу, ошентип ким болбосун видеого кызыккандар аны жеткиликтүү кылууга жардам бере алышат.